11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири укук коргоочу, жарандык активист Ош шаарынан келген Феруза Амадалиева болду. Ал «бул тренингге муктаж болчумун” деген пикирип айтып, келген ар бир катышуучудан жаңы нерсе үйрөнгөнүн белгиледи.
«Бизге тренинг учурунда көйгөйдү башка жактан карап, жаңы пардаларды ачуу менен аны чечүүдө дагы да башка жолдору бар экенин көрсөтүштү», — дейт ал.