• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Филиппинде соода борбордун мурдагы күзөтчүсү ондогон адамды барымтага алды

2 Жалган куран 2020 14:22 Бишкек Govori.TV

Манила шаарындагы V-Mall соода борборунун жумуштан кетирилген күзөтчүсү ок чыгаргандан кийин Филиппин полициясы атайын операция баштады. Бул тууралуу The New York Times гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, күзөтчүнүн огунан кеминде бир адам жарадар болуп, 30га жакыны барымтага алынды.

АР агенттигинин кабарлашынча, полиция соода борборун курчоого алып, андагы адамдар эвакуацияланды. Имараттын ичине ондон ашык атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери кирди.

Сан-Хуан аймагынын мэри Фрэнсис Саморанын айтымында, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди.

Philippine Daily Inquirer гезитинин маалыматына караганда, соода борборунун мурдагы күзөтчүсү Арчи Парай колунда тапанча көтөрүп жүрөт. Ал жумуштан алынганына нааразылык билдирип, граната жардыра турганын айтууда.

Учурда Парай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча анын кандай талаптарды коюп жатканы белгисиз.

Количество просмотров: 59