• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекке Филиппинден жана Кореядан 58 кыргызстандык кайтып келди

29 Бугу 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

“Манас” эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-майында Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Мекенине 58 КР жараны кайтып келди.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү КР жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда.

Количество просмотров: 62