• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кафенин күзөтчүсүн аткан жаран кармалды

14 Бирдин айы 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районундагы “Империя-Пиццы” кафесинде ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-январь күнү Ысык-Ата РИИБге Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя-Пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылган. Себеби 2023-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 05:50 чамасында азиат улутундагы болжол менен 30-40 жаштагы белгисиз адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен бул кафенин 2-кабатынан кафенин күзөтчүсү, Ысык-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган Т.С. тарапка ок чыгарган. Натыйжада күзөтчү Т.С. сол далысынан жаракат алган.

Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда күзөтчү Т.С. өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок-желим (резиновый) окту өткөрүп берген. Ошондой эле кылмыш иштин алкагында соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган.

Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган М.М. аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 1353