• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Филиппинде учак кырсыгынан каза болгондор 45ке жетти

5 Теке 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Акыркы маалыматтар боюнча Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйраганда каза тапкан адамдардын саны 45ке жетти. Расмий бийлик алардын үчөө учак кулаган жерде жүргөн жай тургундар экенин ырастады.

Маалыматка ылайык, бортунда 96 жоокерди салып бара жаткан «Локхид C-130 Геркулес» аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралында кыйрап түшкөн. Учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаганы кабарланууда. Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан.

Аймактагы армиянын өкүлү, генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты.

Количество просмотров: 61