• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Финансылык чалгындоо кызматы “чалмакей” чалса банктарга болгон ишеним жоголот

18 Бештин айы 2018 18:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, бардык коммерциялык банктардан эсеп ээлери жана анын кутучасы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. Банктар бирлигинин башчысы Анвар Абдраев мындай кыймыл туура эместигин “Tazabek” агенттигине билдирген.


“Мындай аракеттер банк системасына болгон ишенимди жокко чыгарат. Ошондуктан бул кырдаалды чечүү өтүнүчү менен Өкмөткө бир нече кат жаздык”,-дейт Абдраев.


Анын айтымында кечээ ушул маселе боюнча банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Бирок банктар аталган талапты аткарыштыбы же жокпу белгисиз.


Ал эми улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын айтымында банктар мыйзамга ылайык, маалыматтарды бериши мүмкүн. Айрым учурларда эсеп ээлери жана кутучасы тууралуу маалыматтарды ачууга укуктуу.


“Банктык сыр болуп эсептелген коммерциялык банктардагы купуя маалыматтар Салык кызматына, Улуттук банкка, жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына соттун чечими менен көрсөтүүгө болот”,-дейт Аида Карабаева.


Эл өкүлү Акылбек Жапаров Финансылык чалгындоо кызматынынын мындай олдоксон кыймылдары экономиканын туруктуулук саясатына доо кетире турганын белгилеп, буга Парламент, Президент жана Өкмөт тарабынан көңүл буруу зарыл экенин айтат.


Депутат Орозбек Алыбаевдин пикиринде бул маалыматты себепсиз текшерүүгө эч кимдин укугу жок. Керек учурда тиешелүү органдар өздөрү эле аныктап алат.


Мындай иш-аракеттер орундалса банктарга эч ким акча сактабай, ага болгон ишеним жоголоорун аталган мекеменин өкүлү билдирди.

Количество просмотров: 33