Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардан операция жана уячанын ичиндеги буюмдар жөнүндө эмес, эсеп жана уячалардын ээлери тууралуу гана маалымат сураганын айтты.
Мекеменин статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда банктардан аты-жөнү, эсептин номери жана жеке идентификациялык номери жазылган №3 формасындагы документти толтурууну сурашкандигин билдирди.
Мындан мурда ММКларда финчалгындоо кызматынын башчысынын кардарлардын толук базасын сураган каты жарыяланганы тууралуу суроого Гуламжан Анарбаев №3 формасы боюнча эле маалыматтар талап кылынганын айтты.
“Биз алдын ала коммерциялык банктар менен маалымат суроонун формаларын сүйлөшкөнбүз. Суралып жаткан маалыматтардын формалары коммерциялык банктардын пикирин эске алуу менен бекитилген”, — деди ал.
Ошондой эле ал бул чаралар электрондук форматка өтүүгө байланыштуу экенин кошумчалады.