• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Финишке жете албай калган Максим Гордеев эмне болгонун айтып берди (видео)

16 Бирдин айы 2022 13:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Пекинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчү тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу анын видеосун Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети соцтармакка жарыялады.

«Буга чейин машыгуу учурунда сол тиземди оорутуп алгам. Эртең менен бир аз ыңгайсыздык болду, бирок мен мелдешке чыктым. Жолдо оору басаңдайт деп ойлогом. Аралыктын биринчи бөлүгүн басып өтүп, бутум катуу ооруп, күйүп жатканын сездим. Бул мага жолумду улантууга мүмкүнчүлүк берген жок — бутум денемдин оордугун көтөрө албай, жыгылып калдым», — деди ал.

Ал кыргызстандыктарга ар тараптан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, «бүгүн, менин күнүм эмес окшойт, алдыга койгон тапшырманы аткара албай, капа болуп турам», — деген пикирин кошумчалады.

Количество просмотров: 633