• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өкмөт Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлөт

16 Тогуздун айы 2023 15:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат комитети “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Депутат Шайлообек Атазов спорт тармагына бюджетти бекитүүдө 2024-жылы Парижде Олимпиада оюндары өтөөрүн эске алуу керектигин кошумчалады.

Буга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 100 млн сом бөлүнгөнүн айтты.

Эскерте кетсек, Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына спортчулар Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршебековдор жолдомо алышкан.

Количество просмотров: 83