Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) өлкө казынасына дагы 281 млн сомдон ашык акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өлкө казынасына тиешелүү төлөмдү төкпөй качып жүргөн «А.К.» ЖЧКсынан 281 миллион сом өндүргөн.
Аталган орган экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатканын кошумчалады.