• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Финпол коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 20 миллиондон ашык сом которду

8 Теке 201912:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке дагы 20 миллион 965 миң 955 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Финполиция тарабынан бирдиктүү эсепке баардыгы болуп 738 миллион 441 миң 12 сом которгон.

Количество просмотров: 12