• Жума 5 Жалган куран 2021

Финпол: Муфтиятка кылмыш иши козголду

12 февраля 2021 в 18:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Аалымдар кеңеши тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Финполго арыз түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 233-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) менен КЖБРге катталып, азыркы тапта текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 363