• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Финпол тарабынан депутат Кубанычбек Жумалиевдин жакындары кармалды

29 Үчтүн айы 2021 20:31 Бишкек Govori.TV

Финансы полициясы чет өлкөлүк инвестор — Германиянын “Б.Ф.” деген жаранынын арызы боюнча, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович жана башка адамдар анын ишенимине кирип алып, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион АКШ доллар турган жабдууларды алышкан. Белгилүү болгондой, Германиянын “Б.Ф.” деген жараны “А.Ю.К.” ЖЧК менен түзүлгөн контрактка ылайык 1 млн АКШ доллар суммасында минералдык сууну куюучу жабдууларды жөнөткөн, аталган ЖЧКнын директору М.С.М. болуп саналат, ал К.Жумалиевдин жакын тууганы. Андан кийин, К.Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча, инвестор тарабынан дагы бир “С.К.” ЖЧКнын дарегине жабдууну жөнөтүлгөн, анын директору дагы депутатка жакындыгы бар адам – Ж.Э.С. болгон.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.БВ” компаниясына — Германиянын жараны “Б.Ф.” 800 миң АКШ доллары суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

«Үстүбүздөгү жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп, “А.Ю.К.” ЖЧКнын директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 2021-жылдын 29-январында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык “С.К.” ЖЧКнын директору Ж.Э.С. кармалды.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 29-январында, бул иш үчүн маанилүү болгон алынган буюмдар жана документтер жоголуп, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу, Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде кечиктирилгис издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 386