• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Финпол: Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргөн эмес

30 Аяк оона 2019 11:27 Бишкек Govori.TV

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргөн эмес. Бул тууралуу жогоруда аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматкерлери атайын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте министрдин иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлдү делген маалымат чындыкка дал келбейт.

Тинтүү Өкмөттүн астындагы эл аралык сотторго жооптуу болгон борбордогу төлөмдөр боюнча каржы министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен документтер сакталган бөлмөдө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүүгө министр Бактыгүл Жээнбаева өзү уруксат берген.

Ал эми министр айым бүгүн 15.00дө финансы полициясына суракка барат. Белгилүү болгондой Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик бюджетти кортуу боюнча кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө.

Количество просмотров: 125