• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Маалыматтык согуш тууралуу Орунбековдун оюу

23 Аяк оона 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунан кийин интернет желесинде тажик тараптын фейк, троллдору социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүнүн үстүндө жандуу иштеди.
Бул арада кыргыз интернет колдонуучулары дүйнө жүзүнө жана коңшу тажик элине чындыкты жеткирүү аракетин көрүшүп, активдүүлүк көрсөттү.


Медиа сабаттуулук, маалыматты туура таратуу жалпы айтканда бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүүдө мамлекттик органдардын басма сөз кызматтары жигердүү иш алып барууда анча аракет кылбаганы коомчулук тарабынан сынга кабылган.


Өлкөдөгү эркин ЖМКлар Тажикстандын биринчилерден болуп Кыргызстанга ок атуусу боюнча маалыматтарды обьективдүү жана башка тилдерге которуу менен берип жатканына эл күбө.
Мындай жагдайга Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков оюн билдирип, сындарга жооп берди.

Количество просмотров: 132