• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Фоторепортаж — Конуш кыдырган Кочкоров

9 Жетинин айы 2018 1:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.11.2018.Govori.TV

8-ноябрда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жаңы конуштарды түрө кыдырды.

Ал жаанга карабай баткак кечип, көмөккө муктаж үй-бүлөлөрдүн арыз-муңун угуп, алардын жашоо шарты менен таанышты. Министр бул сапарында конуш тургундары менен жөлөк пул, жаңы мыйзамдын ишке ашуусу тууралуу маек куруп, элдин көкөй кескен көйгөйлөрүн укту.

Жалпысынан Улукбек Кочкоров борборубуздагы мыйзамсыз аталган «Алтын-Казык», «Алга Элим» жана мыйзамдуу деп эсептелген
«Келечек», «Мурас-Ордо» конуштарында болду.
Кочкоровдун конуш кыдыруусу социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.

Алар буга чейин жаңы конуштарды кыдырып, элдин маселесин жеринен көрүп чечкендер жокко эсе болгонун кеп кылып жатышат.

Количество просмотров: 39