Бишкек.26.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 18-сессиясы өттү. Анын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Шабанов мэрдин кош жарандуулугу боюнча айтылган маалыматка токтолуп, суроо узатты.
Таалайбек Шабанов: «Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина сиздин кош жарандуулугуңуз боюнча айтты. Ушул суроого өзүңүз жооп берип койсоңуз», — деп суроо узатты.
Ал эми шаар мэри Таалайбек Сарыбашов: «Убагында ишкерлик менен алектенгенбиз. Карамушкина дагы укук коргоочуларга сунуш жөнөттү. Ошонун чечими чыкканда жооп берейин дедим эле. Бул арада өкмөттүн өкүлү болдум, көп кызматтарда иштедим. Кош жарандыгым жок», — деди.
Сессиянын күн тартибинде 10 маселе каралып, талкууланды.
1. Ош шаарынын мэринин Ош шаарын 2019-2020-жылдарда өнүктүрүү “Туруктуу өнүгүүгө багыт” программасын бекитүү,
2. Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету,
3. Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу,
4. Ош шаарында жумуш орундарын түзүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу,
5. Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер,
6. Ош шаардык бюджеттик мекемелер,өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтерди өзгөртүү,
7. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборун” түзүүгө макулдук берүү,
8. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө,
9. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылга иш-планын бекитүү,
10. Ош шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө маселелер каралып,сунуш пикирлер айтылды.






