• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Францияда классташын өлтүргөн өспүрүмдөр 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн

15 Жалган куран 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Жекшембиде Франциянын Аржантёй шаарында беш миңге чукул адам 14 жаштагы Алишаны эскерип, жүрүшкө чыгышты.

Алишанын сөөгү 8-март күнү кечинде Сена дарыясынан табылган. Жергиликтүү прокурордун маалыматына караганда, кыз ал күнү эки классташы менен жолуккан. Алар Алишаны ур-токмокко алып, тирүүлөй Сена дарыясына ыргытып жиберишкен. Прокуратура алар муну алдын ала пландашкан деп эсептөөдө.

Нааразылыкка чыккандар 14 жаштагы Алиша окуган мектептен des Berges паркына чейин жөө жүрүш жасашты. Алардын арасында маркумдун ата-энеси да жүрдү.

Le Figaro гезити маалымдагандай, шектүүлөр кармалган. Алардын күнөөсү аныкталса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.

Өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук соңку аптада француз басылмаларынын негизи талкуу бутасына айланды.

Количество просмотров: 86