• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Футбол-2018: Аргентина менен Исландиянын беттешине 44190 көрүүчү келди

16 Кулжа 2018 22:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.06.2018.Govori.TV
Бүгүн 16-июнда “D” тайпасындагы оюнда курамына Лионель Месси коштогон Аргентинанын футболчулары Исландия менен ойноп, жалпы эсеп 1:1 менен жыйынтыкталды.
Бул оюнду көрүүгө  44190 күйөрмандары келишкен. Оюндун жүрүшүндө Лионель Мессиге карата айып аянтчанын ичинде эреже бузулуп, белгиленген пенальтини Аргентинанын капитаны Месси голго айланта алган жок.
Ал эми “С” тайпасынын фаворити Франция Австралия менен ойноп, 2:1 эсебинде утуп, үч упайга ээ болду. Алдыда Перу жана Дания өлкөлөрү оюн көрсөтүшмөкчү.
Белгилей кетсек, бүгүн Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнү. Учурда “А” тайпада Орусия менен Уругвайда үчтөн упай бар, мындан башка “В” тобунда Иран жалгыз жеңиш менен тайпада көч баштады.
Количество просмотров: 9