• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Футбол беттешинде Кыргызстан Сирияны утуп алды

11 Аяк оона 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.09.2018. Govori.TV
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Сириянын курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүп кыргызстандык футболчулар 2:1 эсеби менен жеңишке жетти.
Эсеп экинчи таймдан кийин ачылды. Алгач кыргызстандык оюнчулар атаандаштын дарбазасына топ киргизди. Алардын артынан сириялыктар эсепти тендеди. Акыркы ирмемдерде спортчу Бекжан Сагынбаев дагы бир топ киргизип, Кыргызстандын командасын женишке жеткирип, эсеп 2:1 болду
Оюнду көрүүгө келгендердин коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздады. Андан сырткары Тез жардам кызматынын дарыгерлери менен өрт өчүрүүчүлөр күзөтүп турушту.
Оюнга казакстандык Александр Алиев башкы калыс болду. Андан сырткары Александр Павлов менен Алибек Абубакиров башкы калыска жардам беришти.
Ал арада стадиондо электр жарыгы эки ирет өчтү.
Командалар 2019-жылы боло турчу Азия кубогуна даярдык көрүү иш чараларынын алкагында беттешти.

 

Количество просмотров: 15