• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу Баткенде өтүүсү мүмкүн

19 Баш оона 2021 14:42 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу Баткенде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин фейсбук баракчасында маалымдалат.

Билдирүүдө айтылгандай, Баткен футбол ассоциациясы Кыргыз футбол бирикмесине жана Кыргыз профессионалдык премьер лигасына Баткен шаарында Кыргызстандын кубогунун финалын өткөрүү боюнча сунушун билдирген. Баткен шаары финалды өткөрө турган талапкер шаарлар катарына кирген.

10-августта финалдык беттештин уюштуруучу комитети жумуш сапары менен Баткендеги стадионду жана командалар жашаган жайларды минималдык талаптарга жооп бергидей болуусу үчүн текшерүү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө инфраструктуралар боюнча бир катар суроолор жаралган.

Жыйынтыгында 31-августка чейин тиешелүү объекттерди талапка келтирүү үчүн убакыт берилген. Бул чечим Баткен футбол ассоциациясына, облус жана шаар администрациясынын жетекчиликтерин жеткирилген.

Количество просмотров: 92