• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Футбол боюнча улуттук курама жаңы формалуу болду

10 Баш оона 2023 9:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формалуу болуп, аны күн мурун расмий түрдө презентациялады. «Ак шумкарлардын» жаңы формасына кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, күн мурун өткөн иш-чаранын алкагында 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболканын кайрымдуулук аукциону өттү. Андан түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.

Кыргыз футболдук союзу менен испаниялык Joma бренди иштеп чыккан мерч 11-августта массалык сатууга чыгат. Улуттук курама команданын расмий экипировкасын Joma спорттук дүкөнүнөн жана КФС расмий сайтынан сатып алса болот.

Количество просмотров: 49