• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Футбол күйөрмандары мэриянын алдына нааразычылык акциясына чыгышат

29 Бештин айы 2019 1:13 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэринен футбол борборун курууга жер берүүсүн талап кылган флешмоб башталды.

«Дордой» футбол клубунун күйөрмандарынын Instagram аккаунту аркылуу ири футболдук объектини куруу маселесине кайдыгер карабагандарды 30-декабрда саат 11.00дө Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын алдына чогулууга чакырууда.

Эске салсак, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде бул маселе каралган.  Бирок бийлик шаар куруу боюнча документтерге каршы келет деп федерация сураган жерди бере алган эмес. Улуттук команданын футболчулары буга нааразычылык иретинде Бишкекте ойногондон баш тарта тургандыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 176