• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол командалары көбөйөт. Жогорку лиганы кимдер толуктайт?

1 Жетинин айы 202415:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда футбол командаларынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) биринчи вице-президенти Нурдин Букуев билдирди.

Анын айтымында, КФБ алдыңкы бир-эки жылда инфратүзүмдү жакшыртууга көңүл буруп, бардык шартты түзүүгө аракет кылат.

«Футболду өнүктүрүү бири-бирине байланган комплекстүү иш. Инфратүзүмдү жакшыртуу аркылуу машыгуу сапатын жогорулатып, атаандаштыкты күчөтүп, командалардын көбөйүшүнө, мыкты адистерди даярдоого өбөлгө түзө алабыз. Мындан тышкары, Кыргыз премьер-лигасындагы футбол командаларынын санын көбөйтүү керек. Учурда өлкө чемпионатында 10 клуб беттештерди өткөрүп келсе, кийинки жылы Каракол жана Өзгөн шаарларынын командалары жогорку лиганы толуктайт», — деди Букуев.

Ошондой эле ал республиканын ар бир облусунда инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр болуп, академиялардын саны көбөйөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 229