• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Футбол: Кыргызстан-Иран беттешинде эсеп ачылды

16 Кулжа 2023 21:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол курамасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Бишкекте Иран менен беттеш өткөрүүдө.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 34-мүнөтүндө эсеп ачылып, гол Иран курамасы Кыргызстандын дарбазасына бир топ киргизди. Эсеп 1:0.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

Количество просмотров: 210