Бүгүн, 9-ноябрда футбол боюнча Кыргыз — Өзбек беттеши орун алып, анда Кыргызстан курама командасы 3:1 эсебинде Өзбекстан командасына жеңилди. Бул тууралуу Super.kg порталы жазды.
Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеш Өзбекстандын Ташкент шаарындагы «Пахтакор» стадионунда өтүп, мелдештин биринчи таймында эсеп 1:1 менен аяктады. Экинчи таймда талаа ээлери атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыз кылышты.
Оюдун 11-мүнөтүндө өзбекстандык футболчу Игорь Сергеев, мелдештин 53-мүнөтүндө Достонбек Хамдамов, 80-мүнөттө Жамшид Искандаров гол киргизгенге жетишти. Ал эми мелдештин 30-мүнөтүндө кыргыз футболчусу Фархат Мусабеков жалгыз голду киргизди,-деп айтылат маалыматта.