Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан менен боло турчу оюнга карабастан Азия кубогуна чыгат.
Монголияда А тайпасынын чечүүчү беттеши болуп, анда Палестина курамасы Филиппинди 4:0 эсебинде утуп, тайпада 1-орунду камсыздап, финалга жолдомо алган, Филиппин тандоо оюндарынан четтетилди.
Анын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын курама командасы 6 упай менен Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алды.
Белгилей кетсек, эки турдун жыйынтыгында Кыргызстан Сингапурду (2:1) жана Мьянманы (2:0) жеңген, ошентип улуттук кураманын эсебинде 6 упай бар. Тажикстандын командасынын да 6 упайы бар. Бүгүн эки команда финалдык беттеште ойнойт.
14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары ойнойт. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.
Бул — F тайпасынын жыйынтыктоочу оюну.