Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтүүдө.
Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.
«Мурас» достук турниринин чейрек финалына төмөнкү командалар чыкты:
1. “Президенттин администрациясы» — “Спорттук федерациялар”;
2. “Ыйман” — “Журналисттер”;
3. “Бизнес” — “Жогорку Кеңеш”;
4. “Алга” — “Билим”.
Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган.
Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшүүдө.