• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташиев Кыргыз футбол союзунун башчысы болду

19 Бирдин айы 2024 11:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда КФСтин Кезексиз Конгресси өтүп, анда Кыргыз футболдук союзунун жаңы жетекчилик курамы шайланды.

Кыргыз футболдук союзунун Президенттик кызматына бир гана талапкер — Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлгөн жана анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.

Эске салсак, 31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

19-февралда Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти кызматтан кетип, футбол уюмунун аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Медербек Сыдыков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Количество просмотров: 232