• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Футбол талаасына жарым жылаңач чуркап чыккан модель талаага кайра чыгууга аракет кылган

9 Теке 2019 11:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.

Чемпиондор лигасынын финалында талаага жарым жылаңач чуркап чыккан Кинси Волански Америка кубогунун финалы жүрүп жатканда талаага кайра чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу  Чемпионат  басылмасы жазып чыкты.

Америкалык модель жана актриса Кинси Волански Чемпиондор лигасында «Ливерпуль» менен «Тоттенхэм» клубдарынын ортосундагы беттеште талаага жарым жылаңач чуркап чыгып оюнга тоскоолдук жараткан. Бул учурда дагы Америка кубогунун финалында Бразилия менен Перунун командалары беттешип жаткан кезде талаага чыгууга аракет кылган. Бирок тартип сакчылары Волански менен анын досу Виталий Здоровецкийди кармап калган.

«Америка кубогунда сен утканыңды мойнума алам, бирок бул да укмуштуудай болду. Бразилияга учуп келип, кийимдеримди которуп, барчу жерге барсам 20 тартип сакчысы Виталийди кармап алганы менен баары бүтүп калды. Бизди алар кое беришти, Бразилияда сейилдеп жүрөбүз», — деп Волонски «инстаграм» баракчасына жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын финалында талаага чыккандыгы үчүн Кинси Воланскини 15 миң евро айыпка жыккан.

Количество просмотров: 24