• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Футбол талаасында каза болгон баланын өлүмү боюнча сот башталат

18 Тогуздун айы 2018 9:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте футбол аянтындагы он бир жаштагы баланын өлүмү боюнча сот башталат. Он бир жаштагы Алан Айсаевдин өлүмүнө байланышкан ишти Ленин райондук соту карайт.
Бул тууралуу маркумдун энеси Нестан Исабекова билдирди. Окуя быйыл 13-июнда башкалаадагы футбол аянтчаларынын биринде болгон.
Футбол ойноп жүргөн Алан Айсаевди жана башка жаш балдарды экинчи дарбазада ойноп жаткандар чогуу ойноого чакырган.
Дарбазада турган Айсаевди катуу тебилген топ келип тийгенде кулаган дарбазанын темири басып калып, каза болгон. Уулунан айрылган үй-бүлө милициянын «дарбаза катуу шамалдан кулады» деген баштапкы маалыматына нааразы болуп, окуя боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган. Балдарды футбол ойногонго тарткандарды жана топту күч менен катуу тепкендерди таап, жазалоону суранган.
Количество просмотров: 27