• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Футбол: Тажикстан курамасы Ооганстанды утуп алды

8 Баш оона 202218:02 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын жаштар курамасы (U-19) Борбор Азия футбол ассоциациясынын  (CAFA) алгачкы мелдешинде Ооганстан курамасын 4:1 эсебинде жеңип алды.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын 19 жашка чейинки спортчулар арасындагы үчүнчү чемпионаты 5-августта Душанбеде башталган. Медаль үчүн бул сапар беш курама топ – Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Кыргызстан жана Ооганстан күрөшөт.

Тажикстан менен Ооганстан жаштары арасындагы мелдеш 6-августта Душанбенин борбордук стадионунда өткөн.

Үчүнчү айлампа 8-августта өтөт. Алгач Иран менен Ооганстан командалары беттешип, андан соң оюн талаасына Кыргызстан менен Тажикстан курамалары чыгат.

Борбор Азия жаштар чемпионаты 5-12-август аралыгында өтөт. Турнирдин регламенти боюнча бардык команда бири-бири менен бирден айлампа ойноп чыгат. Жеңүүчү команда топтогон упайына жараша аныкталат.

Теги:
Количество просмотров: 197