• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Футбол: Япония Кыргызстанды 2:0 эсеби менен жеңди

14 Жетинин айы 2019 19:10 Бишкек Govori.TV

Оюндун алкагында Япониялык оюнчу Минамино эсепти ачты. Эсеп 1:0 менен 1-тайм жыйынтыкдалды. Ал эми 2-таймда айып соккудан узатылган соккуну Кадырбеков тосо албай, Япониялыктар дарбазага 2-голду киргизип жетишти.

Бишкекте 2022-жылы Катарда боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпалык этаптарынын алкагында Кыргызстан менен Япония беттешти.

Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп,  18 миң киши бата турган стадиондо футбол күйөрмандарынын көп экенин көрүүгө болот.

Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан. 

Количество просмотров: 404