Бүгүн Бишкекке «Барселона» футбол клубунун легендасы Карлес Пуйоль келди. “Манас” эл аралык аэропортунан кыргызстандык күйөрмандар “Барселона” футбол клубунун легендарлуу коргоочусу, Испания курама командасынын мурдагы оюнчусу Карлес Пуйольду тосуп алышты.
Эске салсак, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда «Барса» клубунун жана Азиянын легендарлуу футболчуларынын жолдоштук беттеши өтөт.