• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өгөй атасы сабаган 6 жашар бала таенесинин камкордугуна убактылуу берилген

3 Бештин айы 202015:51 Бишкек Govori.TV

Өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жашар баланын энеси андан биротоло баш тарткан эмес. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз катчы бала убактылуу таенесинин камкордугуна берилгендигин, ал эми баланы өз энеси качан өзү алаарын так айта албасын билдирген.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Октябрь районудук Ички иштер башкармалыгына 25 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылып, 33 жаштагы жубайына чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында 17-18-ноябрь түнү жубайы мас абалында анын алты жаштагы баласын эч себепсиз ур-токмокко алган. Бул факт «Жоруктар» кодексининин 75-беренеси менен каттого алынып, Сокулук районук ИИБне өткөрүлүп берилген. Кийин арыздануучу аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазган.

Количество просмотров: 112