• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өгөй атасын балталап өлтүргөн деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды

22 Тогуздун айы 2020 14:23 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүрдү деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-октябрда таңкы саат 04:00 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Арашан айылында жайгашкан үйлөрдүн бириндеги киши өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 21-октябрда 65 жаштагы К.А. (мас абалда болгон) аттуу жаран менен өгөй баласы урушуп, өгөй баласы аны балта менен бир нече жолу чапканы маалым болгон. Жаракаттын кесепетинен атасы ошол жерде көз жумган.

Кылмыш иш боюнча 30 жаштагы С.К. аттуу жаран шектелип кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Количество просмотров: 240