• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өгөй баласын өлтүрдү делген 73 жаштагы жаран 11 жылга кесилди

12 Бештин айы 2019 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук соту 73 жаштагы кишини 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Маалыматка караганда, пенсионерге өгөй баласын өлтүрдү деген күнөө коюлду. Айыпталуучунун жактоочусу бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Экинчи инстанция өкүмдү күчүндө калтырды.

«В.П. менен өгөй баласынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, В.П. баланы бычак менен сайып жиберген. Жактоочу пенсионердин адам өлтүрүүгө ою жок болчу деп, өкүмдү жеңилдетүүнү суранган. Айыпталуучу сурак маалында күнөөнү мойнуна алды, айтымында, анын өлтүрөм деген арам ою жок болчу», — деп айтылат өкүмдө.

Булак: 24.кж

Количество просмотров: 111