• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өгөй энесинен кордук көргөн кыздын иши териштирилүүдө

26 Бештин айы 2023 16:53 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусундагы Зангиата районунун тургуну 13 жаштагы өгөй кызын кордогон деп шектелүүдө. Балдар акыйкатчысы менен райондук прокуратура абалды көзөмөлгө алды.

Балдар акыйкатчысына коомдук активисттерден өгөй эне 13 жаштагы кызга дайыма физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтө тургандыгы боюнча кайрылуу жана видео келип түшкөн.

Видеодо өгөй эне кызга кыйкырып, урушканы тартылган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыздын денесинен көгала тактар аныкталган эмес. Психолог аны менен жекече сүйлөштү. Балага психологиялык зордук-зомбулук көрсөтүлгөнүн аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ошондой эле баланын өгөй энесинин психикалык абалына укуктук баа берилет.

Кырдаалды иликтөө Зангиата райондук прокуратурасынын көзөмөлүндө.

Теги:
Количество просмотров: 1339