• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өгөй кызын зордуктоого шектелген адам кармалды

3 Тогуздун айы 202416:40 Бишкек Govori.TV

Жашы жете элек балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-октябрда милицияга Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлү борбор калаанын тургунуна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, тургун 2009-жылы туулган С.Э. аттуу өгөй кызын ушул жылдын апрель айынан бери зордуктап жүргөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 1960-жылы туулган С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү буга чейин балдары жоголуп кеткенин айтып милицияга кайрылган. Анын жашы жете элек балдары Бишкектеги үйлөрдүн биринен табылып, алар менен милиция кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер иштешкен.

Количество просмотров: 233