• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гүлбара Байчубакова: Биз өсүп-өнүгүп туруубуз үчүн ушундай тренингдер керек экен

19 Бугу 202520:05 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Гүлбара Байчубакова болду. Ал өсүп-өнүгүп туруу үчүн ушундай тренингдер керек экенин белгиледи.

«Адам дайым бир жерде турбайт экен. Өсөт экенбиз, өнүгөт экенбиз. Ал эми өсүп-өнүгүү үчүн ушундай долбоорлор керек экен. Тренингдеги окуткан тренерлер чынында эле мыкты экен. Жана буга чейинки «Кыйындын» бутүрүүчүлөрүнүн келип өз тажрыйбасы менен бөлүшкөнү чоң мотивация болду», — дейт ал.

Количество просмотров: 377