11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.
Алардын бири коомдук ишмер, Аялдар демократиялык тармагынын координатору Гүльсана Эсенбаева “Кыйын” долбоору эки күндө көптөгөн кыздарга багыт берип койгонун айтты.
«Кыйын долбоору менин өзүмдү сыйлаганымды көрсөттү. Мен өзүмдү абдан сыйлаган адам экенмин. Демек өзүн сыйлаган киши коомго үлгү болот», — дейт ал.