Мурдагы депутат Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 24 kg сайты билдирди.
Ал 2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Депутат кезинде фейк боюнча мыйзам жазып, медиа коомчулуктун каршылыгына карабай, аны өткөрүп аты чыккан.
2023-жылдын сентябрында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.