• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шаардык кеңештерге болчу шайлоонун үгүт иштери башталды

12 Жалган куран 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартка караган сааттан баштап шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат. Үгүт өнөктүгү 9-апрелге чейин уланат.

Белилей кетсек, 11-апрелде 28 шаардык жана 420 жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Шаардык кеңештер үчүн 59 саясий партия ат салышууда.

Количество просмотров: 97