• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери качан башталат?

1 Аяк оона 202116:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери 29-октябрда башталат. Бул тууралуу Govori.TVга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, шайлоого бир сутка калганда партиялар үгүт иштерин токтотушу зарыл. Бул мыйзамда каралган.

«Үгүт иштери туура бир айга созулат. 29-октябрда башталган үгүт иштери 27-ноябрь, саат 08:00до аяктайт»,-деди Маматов.

Белгилей кетсек, жаңы шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. Азырынча 9 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Количество просмотров: 418