Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-апрелге дайындалган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кабыл алынган календардык планга ылайык, референдумга коюлган маселе боюнча үгүт иштери референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 24 саат калганда аяктайт. Тактап айтканда үгүт иштери 10-апрелде саат 8:00дө жыйынтыкталышы керек.
Президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга 12-мартта кол койгон. Ага ылайык референдумга коюлган маселе боюнча үгүт иштери 12-мартта башталган.