• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Гаити полициясы президент Моизди өлтүрүүнү уюштурган киши кармалганын билдирди

13 Теке 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Гаитинин полициясы өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүрүүнү уюштурган киши кармалганын билдирди.

“Бул киши Гаитиге саясий максат менен жеке учакта келген”, — деп билдирди улуттук полициянын башчысы Леон Чарльз. Анын айтымында, кеп АКШда жашаган 63 жаштагы дарыгер Кристиан Эммануэль Санон жөнүндө болуп жатат. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Гаитиге июнда бир нече колумбиялыктын коштоосунда келген, башында Моизаны кармоону көздөшкөн, кийин пландары өзгөрүп кеткен.

Жовенель Моизди жеке менчик резиденциясында белгисиз адамдар 7-июлга караган түнү атып кетишкен. Маалыматтарга караганда, кол салгандар Американын маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлеринин формасын кийип алышкан. Чабуулда биринчи айым Мартин Моиз да оор жаракат алып, АКШга дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланды. Президенттин коопсуздук кызматкерлери кол салуу маалында шалаакылык кылган деп шектелип, сурак берип жатат.

Полиция Колумбиянын 15 жана АКШнын эки жаранын кармаган. Үч колумбиялык полициянын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Учурда сегиз адам изделүүдө.

Гаити дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Соңку күндөрү Жовенель Моиздин бийлигине каршы акциялар өтүп, президентти коррупцияга жана куралдуу топтордун жетегине түштү деп айыптап жатышкан.

Количество просмотров: 124