• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Гаитиде жер титирөөдөн 1300 адам каза болду

16 Баш оона 20219:20 Бишкек Govori.TV

Гаитинин Жарандык коргонуу агенттиги 14-августтагы зилзаладан каза болгондор 1300гө жетип, 6 миңге жакын киши жараат алганын билдирди.

Агенттик кабарлагандай, курмандыктардын көбү өлкөнүн түштүгүндө катталууда. Бийлик Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап калганын кабарлады. Премьер-министр Ариэл Анри Ле-Ке шаарына учуп кетер алдында Гаитиде бир айлык өзгөчө кырдаал жарыяланды. АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, магнитудалык күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө ишемби күнү таңкы саат 8:30 чамасында болгон. Анын очогу борбор шаар Порт-о-Пренстен батыш тарапты көздөй 125 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Зилзала Порт-о-Пренсте катуу сезилгени менен баш калаада чоң кыйроо болгон жок. 2010-жылы 7 баллдык жер титирөө Порт-о-Пренстин көп бөлүгүн урандыга айлантып, өлкө боюнча болжол менен 300 миң кишинин өмүрүн алган.

Количество просмотров: 218