• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Галина Байтерек Россия Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалыматка жооп берди

26 Үчтүн айы 202113:12 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек коомчулукта тарап жаткан Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалыматка жооп берди.

«Бул багытта жумуштар аткарылып жатат. Россия тарап менен бирге иш сапардын күнү жана мазмуну такталууда. Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалымат чындыкка дал келбейт. Коомчулукту чагымчыл билдирүүлөргө ишенбей, расмий түрдө такталган маалыматтарга ишенүүгө чакырам», — деди Галина Байтерек.

Количество просмотров: 5856