Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Генерал Талант Исаев Ички иштер министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын жетекчиси болуп дайныдалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов Govori.TV сайтына билдирди.
Анын айтымында аталган кызматка генерал Талант Исаев бүгүн 11-октябрда бекитилген.
Эске салсак, Талант Исаев иниси Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу жогорудагы кызмат ордун бошотуп берген.