• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Гендердик теңчилик: Бул жолку шайлоодо аялдарга 4 эсе көп мандат берилет

13 Чын куран 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга 5300 аял талапкерлигин койду. Бул тууралуу Социалдык технологиялар агенттигинин аткаруучу директору Зульфия Көчөрбаева 13-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.

«Жергиликтүү кеңештерге аялдарга 30% квота берген мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Андан бери биринчи жолу көп кеңеш жаңы шайланды. Шаардык кеңешке пропорционалдык система менен шайлоо (партиялык тизме) болгондуктан аялдар үчүн 30 пайыздык квота каралган. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары өзүн-өзү көрсөтүү менен мажоритардык системада шайланат. Буга чейин аял депутаттардын саны тогуз пайызды гана түзгөн. Мындан улам айылдарда дагы 30 пайыздык квота киргизилген. Учурда аялдар үчүн бөлүнгөн 2 900 мандатка 5 300 талапкер ат салышты. Аялдардын активдүү шайлоого катышуусу Чүй облусунда, Ош облусунда жана Ысык-Көл облусунун Ой-Тал районунда байкалды. Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бул жолку шайлоодо аялдарга 4 эсе көп мандат берилет»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Социалдык технологиялар агенттиги 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештердеги шайлоо өнөктүгүнө гендердик мониторинг жүргүзгөн. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого гендердик мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты – аялдар менен эркектердин талапкерлер жана шайлоочулар катары шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруунун чыныгы тажрыйбасын изилдөө.

Агенттик мындай мониторингди өлкөдө калыптанган өзгөчөлүктөрдү жана тарыхый учурду эске алуу менен өткөрүү маанилүү деп эсептейт, бул аялдардын катышуусун камсыздоо жаатында жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Гендердик мониторингди жүргүзүү үчүн бардык АШКларда мониторинг жүргүзгөн 18 аймактык эксперттер жана 4 улуттук эксперт-аналитиктер тартылган.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча гендердик басмырлоонун алдын алуу жана шайлоо процессинде гендердик теңчиликке жетүү максатында шайлоо мыйзамдарын жана шайлоону өткөрүүнүн жол-жоболорун мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Количество просмотров: 109